Казакстанда товар биржаларынын брокерлери жана клиринг борборлорун лицензиялоо киргизилет. Башкача айтканда, азыр биржалар чакан жана кичи бизнес субъекттеринин катарынан алынып салынат. Сенат тиешелүү мыйзамды кабыл алды. Документтин жоболору биржа соода чөйрөсүндөгү мыйзамдарды өркүндөтүүгө жана инвестициялык климатты жакшыртууга багытталган. Ошондой эле Өкмөттүн, ыйгарым укуктуу жана монополияга каршы органдардын компетенцияларын кеңейтүү көздөлүүдө. Биржалык сооданын катышуучуларынын ишине мамлекеттик көзөмөл күчөтүлөт.
Маулен Ашимбаев. Парламент Сенатынын төрагасы:
- Инвесторлордун мыйзамдуу кызыкчылыктарын камсыз кылуу боюнча чаралар да көңүл сыртында калган жок. Атап айтканда, инвестициялык ишмердүүлүк тууралуу маалыматтарды колдонуу үчүн өлкө аймагында инвесторлордун атайын реестри жүргүзүлөт. Мында мамлекеттик жана жергиликтүү аткаруу органдарынын реестрине киргизилген инвесторлорго карата текшерүү жүргүзүү жөнүндө чечимдер прокурор менен милдеттүү макулдашуудан кийин гана кабыл алынат.
Которгон:
Илгиз Жамалбеков

