Казак-кытай мамилелери ар
тараптуу стратегиялык өнөктөштүктүн жогорку деңгээлине чыкты. Бул тууралуу
Касым-Жомарт Токаев Кытай Элдик саясий консультациялык кеңешинин Бүткүл
кытайлык комитетинин төрагасы Ван Хунин менен жолугушууда билдирди. Бул жаатта
өлкө жетекчилеринин туруктуу жолугушуулары чоң роль ойноду. Казакстандын
президенти мындай сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө достук коңшулук мамилелерди жана өз
ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары да чыңдоого негиз түзүлөрүн белгиледи.
Ошондой эле, сүйлөшүү учурунда тараптар эки өлкөдө жүргүзүлүп жаткан реформалар
боюнча өз ойлорун ортого салышты. Жолугушуунун жүрүшүндө активдүү саясий
диалогду улантуунун маанилүүлүгү тууралуу да сөз болду.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан
Республикасынын президенти:
- Биз төрага Си Цзиньпиндин
көрөгөч, кыраакы саясаты жана анын “Бир алкак, бир жол” концепциясы ийгиликтүү
ишке ашырылып жатканына күбө болуудабыз. Биз, албетте, Кытайдын
жетишкендиктерине кубанабыз. Сиздердин өлкө дүйнөдөгү алдыңкы держава болуу
деген бийик максатка тайманбай кадам таштап келе жатат. Төрага Си Цзиньпиндин
даанышман жетекчилиги астында Кытай жаңы доордо жана “Адамзаттын жалпы тагдыры”
концепциясын жайылтууда мындан да чоң ийгиликтерге жетишет деп ишенем.
Ван Хунин, Кытай элдик саясий консультациялык
кеңешинин Бүткүл кытайлык комитетинин төрагасы:
- Сиздин жетекчилигиңиз менен
Казакстан тез өнүгүп, элдин жашоо деңгээли тынымсыз жогорулап жатат. Бул таң
калыштуу жыйынтык. Бүгүн сиз “Бир алкак, бир жол” III форумунун ачылыш аземинде
абдан мазмундуу сөз сүйлөп, кызматташуу боюнча бир катар маанилүү сунуштарды
айттыңыз. Бардык тараптардын биргелешкен аракетинин аркасында “Бир алкак, бир
жол” алкагында 10 жылдык стратегиялык өнөктөштүктө чоң жетишкендиктерге
жетиштик. Сиз Си Цзиньпин мырза менен ар дайым тыгыз байланышта болуп, көптөгөн
жолугушууларды өткөрдүңүз. Ошол эле учурда, казак-кытай мамилелеринин жаңы
“алтын 30 жылдыгын” баштап бердиңиздер. Кытай тарап эки өлкөнүн лидерлери тарабынан
жетишилген маанилүү макулдашууларды ишке ашырууда кызматташууну биргелешип
өнүктүрүүгө даяр.
Которгон: Илгиз Жамалбеков