Астанада илимий-практикалык конференциянын катышуучулары тарабынан өлкөнүн Эгемендүүлүгүнүн калыптанышындагы негизги тарыхый этаптар, ошондой эле саясий жана социалдык-экономикалык кайра куруулардын мүнөзү менен жетишкендиктери талкууланды. Иш-чарага Парламент депутаттары, дипломаттар, тарыхчылар,көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмерлер чогулушту. Алар мамлекеттик суверенитеттин Декларациясын кабыл алуу процесси тууралуу эскерүүлөрү менен бөлүшүштү. Тарыхый документтин жаралышында Бырганым Айтимова Казак ССР Жогорку Советинин XII чакырылышынын депутаты болгон. Анын айтымында, декларацияны кабыл алуу процесси оңой болгон эмес. Бирок андагы нормалар кийинки «Эгемендүүлүк жөнүндө» мыйзамдын кабыл алынышына негиз болгон.
Бырганым Айтимова, Казакстандын мамлекеттик жана коомдук ишмери:
– Декларацияда Казакстандын бирдиктүү эли катары аныкталды. Бул биздин аймактык эгемендүүлүгүбүз, бул полигондорду курууга, жардырууларды жасоого уруксат эмес дегендик. Албетте, биз Эл аралык уюмдарга жана баарынан мурда Бириккен Улуттар Уюмуна катышууну жана дипломатиялык консулдук мамилелерди куруу укугун белгилеп жазганбыз.
Ошол жылдары социалдык тармакта жетекчилик кызматтарды аркалаган Крымбек Кушербаев, эгемендүүлүккө карай жол ырааттуу жана ар бир кадамы өзгөчө мааниге ээ болгонун айтат. Декларацияда жазылган 17 пункт бүгүнкү туруктуу элдин жана өлкөнүн бакубаттуулугунун негизи болуп, демократиялык өнүгүүнүн багыттарын белгиледи.
Кырымбек Кушербаев, Казакстандын мамлекеттик жана коомдук ишмери:
– Биз чыныгы демократиялык реализмдин доорунда жашап жатабыз. Акыйкаттык концепциясы бүгүнкү күндө заманбап казакстандык коомдун өкүлдөрүнүн арасында өзгөчө колдоо табууда. Бул адилеттүүлүк аркылуу жана бийлик менен өлкө элинин ортосундагы тыгыз байланыштын аркасында биз көптөгөн көйгөйлөрдү жана маселелерди чече алабыз.
Конференциянын катышуучулары Республика күнү чоң тарыхый мааниге ээ экендигин, ал эми бул майрамдын мазмуну жана мааниси элдин көп кылымдык - көз карандысыздык кыялынын ишке ашышын символдоштурарын белгилешет. Мындан тышкары, бул эскерүү датасы жалпы улуттук иденттүүлүктү калыптандырууда маанилүү ролду ойнойт.
Еркебулан Амангосов, Мамлекеттик тарых институтунун маалыматтык бөлүмүнүн жетекчиси:
– Республика күнүн майрамдоонун алкагында биз азыр республикачылык идеясы тереңдеп баратканын көрүп жатабыз. Мамлекет кандайдыр бир саясий чечимдерди кабыл алып, алар жарандар менен жалпы жоопкерчиликке негизделгенин баамдап келебиз. Буга 2022-жылдагы конституциялык реформа жана атомдук электр станциясын куруу боюнча акыркы референдум күбө. Мындан ары да жарандар өлкөнүн тагдыры үчүн, анын келечеги үчүн жалпы жоопкерчиликти сезип жатканын көрө алабыз.
Окуялардын далили катары 1990-жылы тогуздун айынын 25 – иш-чаранын жүрүшүндө Республика күнүнө арналган атайын көргөзмө уюштурулган. Конокторго өлкөнүн улуттук архив фондунан алынган сүрөттөр, өзгөчө баалуу документтердин жана кагаздардын үлгүлөрү сунушталган.
Которгон: Илгиз Жамалбеков