Казакстан модернизациянын жаңы этабына кирди, анда реформалар узак
мөөнөттүү натыйжаларга багытталышы керек. Бул тууралуу Касым-Жомарт Токаев
Turkistan гезитине берген маегинде билдирди. 2025-жылдын макроэкономикалык жыйынтыктары тандалган багыттын туруктуулугун
тастыктайт. Президент маегинде жаңы жумуш орундарынын жана аймактардын өсүшүнүн
булагы катары транспорттук-логистикалык дараметти жана агроөнөр жай комплексин өнүктүрүүгө өзгөчө басым жасады. Албетте, санариптештирүү да көңул
чордонунда. Мамлекет башчысы 2026-жылды да санарип жылы деп жарыялады. Жаңы
технологиялар, жасалма интеллект өндүрүмдүүлүктү жана адамдык капиталдын
сапатын жогорулатууга тийиш.
Анна Альшанская, МИНСнын экономикалык саясатты талдоо
бөлүмүнүн жетекчиси:
- Жалпысынан
биздин социалдык саясатыбыз, адамдык капиталды өнүктүрүү боюнча саясатыбыз
экономикалык өнүгүүнүн улуттук артыкчылыктары менен
байланыштуу болушу керек, башкача айтканда, санариптештирүү жана жасалма
интеллект азыр жашоонун бардык тармактарында бар, ошондуктан жасалма интеллект
жалпысынан санариптештирүү өндүрүмдүүлүктү жогорулатуунун бир фактору болушу
керек.
Дагы бир стратегиялык багыт – жарандардын бакубаттуулугу менен
түздөн-түз байланышкан айыл чарбасы. Президент Turkistan гезитине берген
маегинде агроөнөр жай комплексинин натыйжалуулугун жогорулатуу жана айыл чарба
кооперациясына кайтуу зарылдыгын билдирди. Мамлекет башчысынын айтымында,
тармакка мамлекеттик колдоонун олуттуу көлөмү багытталууда. Бүгүнкү күндө
негизги милдет – алардын максималдуу кайтарымын жана экспорттук дараметин өсүшүн камсыз кылуу.
Акпар Мауленов, Казакстандын фермерлер ассоциациясынын башкарма
төрагасынын орун басары:
- Айыл чарба министрлиги 2030-жылга чейинки мал чарбасын өнүктүрүүнүн комплекстүү планын иштеп чыгууда. Ал жакта дагы талкуулай турган көп нерсе бар, айрыкча премьер-министр тапшырма берди. Мал чарбасын өнүктүрүү жана этти экспорттоо боюнча чараларды көрүү керек. Менимче, кандайдыр бир жылыш болот. Президент өсүмдүк өстүрүүдө жылыштар бар экенин белгиледи жана чынында эле биз жакшы түшүм алдык. Экспорттой алабыз, бизден көп нерсе сатып алышат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

