Президент улуттук банктын башчысы менен кеңешме өткөрдү

Президент улуттук банктын башчысы менен кеңешме өткөрдү

Келерки жылы улуттук төлөм системасын толук ишке кошуу, инфляцияны төмөндөтүү, каржылык технологияларды жана инновацияларды өнүктүрүү. Мындай тапшырмаларды өлкө башчысы Улуттук банкка жүктөдү. Касым-Жомарт Токаев каржылык жөнгө салуучу орган менен жолугушуп, жаңы төрага Тимур Сулейменовду тааныштырды. Президент бизнести насыялоонун жолдорун жакшыртууга жана жаңы инструменттерди ошондой эле механизмдерди ишке киргизүүгө чакырды. Мындан тышкары, эл аралык каржылык кызматташуу, үчүнчү өлкөлөрдүн борбордук банктары жана каржы институттары менен өз ара аракеттенүү маселелерине өзгөчө көңүл бурууну тапшырды.

Которгон: Илгиз Жамалбеков