Казакстандагы референдумга 4 эл аралык уюм байкоочулары көз салууда

Айгерим Акимжанова, кабарчы:

Казакстанда АЭС курулабы же жокпу? Чечим өлкөдө жана анын чегинен сырткары өтүп жаткан республикалык референдумдун жыйынтыгы боюнча эл тарабынан кабыл алынат. Өлкөгө келсек, бүгүн Казакстанда эртең мененки саат 7ден тарта 10 миңден ашык шайлоо участкалары ачылды. 84 участоктун иши бир саат мурда башталды. Бул нөөмөт менен иштеген адамдарга добуш берүү мүмкүнчүлүгүнө шарт түзүүнүн аракети. Астана боюнча жалпысынан 900 миң шайлоочу катталган. Биз азыр 164-шайлоо участкасындабыз. Бул жерде 2214 шаардык тургун добуш берүүгө тийиш. Референдумдун жүрүшүнө байкоочулар, анын ичинде эл аралык уюмдардын өкүлдөрү көз салууда. Биз азыр көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин миссиясынын жанында турабыз. Айтсаңыз таң аткандан бери кандай иштер жасалды?

Леонид Анфимов, КМШ байкоочулар комиссиясынын башчысы:

- Биздин байкоочулар Азербайжандын, Беларустун, Кыргызстандын, Орусия Федерациясынын, Тажикстандын жана Өзбекстандын атынан катталды. Референдумдун жүрүшүнө Казакстандын 9 аймагында байкоо жүргүзүп жатабыз. Референдум жакшы уюштурулуп, калктын активдүүлүгү байкалууда. Бул борбордук комиссиянын референдум өткөрүүгө жогорку даярдыгы жөнүндө күбөлөндүрөт. Биз башка миссиялар менен тыгыз иштешебиз.

Бул катарга Шанхай кызматташтык уюмунун, Түрк мамлекеттер уюмунун жана Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңештин өкүлдөрү кирет. Мындан тышкары,  30 чет өлкөдөн 177 байкоочу келди.

Сади Джафаров, Түрк мамлекеттери уюмунун байкоочулары миссиясынын башчысы:

- Биздин миссия бүгүнкү күндүн аягына чейин уланат жана Астана шаарынын участкаларынын биринде добуштарды саноо процессине катышат. Биз кандайдыр бир укук бузууларды байкаган жокпуз, добуш берүү тынч, туруктуу шартта өтүп жатат. Казакстандын мыйзамдары, ошондой эле бул жаатта жалпы кабыл алынган эл аралык стандарттар сакталууда.

Байкоочулардын айтымында, казакстандыктар шайлоо участкалары ачылгандан бери жарандык позициясын жигердүүлүк таанытып жатышат.

Арнагүл Смагулова, Астана шаарынын тургуну:

- Жакшы маанайда, дем алыш күнү эртең менен добуш берүүгө келдик.  Келечекке зор салым кошот деп ойлойм.

Дулатхан Муханбедин, Астана шаарынын тургуну:

- Бул биздин келечегибиз, бардыгы өзүбүздөн көз каранды. Бардык добуштар маанилүү. Баарыбыз бир муштумдай чогулганыбыз жакшы.  Дем алыш күнү эрте туруп өз тандоомду жасоо үчүн келдим.

Эскерте кетсек, өлкө аймагындагы шайлоо участкалары саат 20:00гө чейин ачык болот.

Которгон: Илгиз Жамалбеков