Авиация тармагын өнүктүрүү планы өкмөттө тааныштырылды

Авиация тармагын өнүктүрүү планы өкмөттө тааныштырылды

Казакстанда эл аралык окуу борборлорун тартуу менен авиация тармагы үчүн адистерди даярдоо системасы күчөтүлөт. Өкмөттө Жарандык авиацияны өнүктүрүү планы сунушталды. Анын алкагында өлкөдө аэропорт жана навигациялык инфраструктураны жаңылоо, ошондой эле эл аралык жана ички маршруттук тармакты кеңейтүү боюнча масштабдуу иштер каралган. Астана жана Алматы аэропортторунда аэрохабдар өнүктүрүлөт. Аба майдандарынын терминалдары жана учуу-конуу тилкелери жаңыланат. Жүк жана техникалык кластерлер менен сервистик экосистема түзүлөт. Планда Эл аралык Жарандык авиация уюмунун стандарттарына шайкештиктин жогорку деңгээлин камсыз кылууга басым жасалмакчы. ICAO аудитинин жыйынтыктарына ылайык, быйыл бул көрсөткүч Казакстанда 95,7%ды түзөт. Бул 72% дүйнөлүк жана 87% ашкан орточо европалык деңгээлден жогору. Жалпысынан, 10 айда жүргүнчүлөрдү ташуу көлөмү 6% өсүп, 13 млн адамдан ашты.

Которгон: Илгиз Жамалбеков