Глобалдык суу каатчылыгынын курчушуна климаттык
өзгөрүүлөр, айлана-чөйрөнүн булганышы, ресурстарды сарамжалсыз пайдалануу
таасир этет. Бул маселелерди өлкөлөр биригүү менен гана чече алышат. Перс
булуңун изилдөө борборунун төрагасы Абдулазиз Сагердин пикиринде, One Water
Summit - бул катышуучулар аталган көйгөйлөрдү чечүү үчүн практикалык куралдарды
издеп, суу ресурстарын сактоо боюнча пландарды иштеп чыгууну көздөшкөн аянтча
болуп саналат.
Абдулазиз Сагер, Перс булуңун
изилдөө борборунун төрагасы:
- Чөлдөө жана суунун жетишсиздиги
маселелери бүгүнкү күндө өтө маанилүү болуп баратат. Бул маселелерге Казакстан,
Сауд Арабиясы жана Франция, албетте, саммитке катышкан башка өлкөлөр, ошондой
эле көптөгөн эл аралык уюмдар чоң маани беришет. Ал эми Сауд Арабиясы, Казакстан
үчүн суу маселеси абдан маанилүү, бизде чөлдөр бар, ошондуктан суу жана чөлгө
айлануу маселелери дайыма актуалдуу.
Сауд Арабиядагы На One Water Summitте Казакстан менен Франция Балхаш көлүн сактап калуу боюнча биргелешип иш алып баруу тууралуу келишимге кол коюшту. Ал француз тараптан бассейнди изилдөө жана көлдү коргоо боюнча башкы планды иштеп чыгуу бир миллион евродон ашык өлчөмдө каржылоону көздөйт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

