Казакстан менен Катар өлкөлөрү кылмыш иштери боюнча өз ара укуктук жардам көрсөтөт. Өлкөнүн Сенаты буга багытталган кызматташтык келишимин жактырды. Анын алкагында тараптар бири-бирине тергөө, кылмыш иши козголуп, соттук териштирүүлөр боюнча колдоо көрсөтүшүүдө. Жалпысынан былтыр бирдин айында Дохада кол коюлган документ эки мамлекеттин аймагында болуп жаткан мыйзамсыз аракеттерди жөнгө салуу боюнча шарттарды максималдуу түрдө аныктайт. Башкача айтканда, шектүүлөрдүн жана айыпталуучулардын күнөөсүн далилдөө үчүн зарыл болгон тергөө аракеттерин жүргүзүү көздөлгөн. Жогорку палата катар менен изделип жаткан адамдарды өткөрүп берүү боюнча дагы бир келишимди кубаттады. Депутаттар бул документтердин жактырылышы эки өлкөнүн кылмыштуулукка каршы күрөшүү жана эки тараптуу мамилелерди чыңдоо боюнча укуктук кызматташтыгынын натыйжалуулугун арттырат деп ырасташат.
Асет Шынжалиев, Башкы прокурордун орун басары:
- Бул келишимдер эл аралык мамилелердин өнүгүшүн эске алуу менен келечекке кадам болуп саналат. Казакстан менен Катардын ортосундагы мамиле ар кандай багытта өнүгүп келүүдө. Бир катар биргелешкен ири инвестициялык долбоорлор бар. Эки мамлекеттин өз ара соода алакасы артты. Албетте, эки тараптуу мүмкүнчүлүк өскөнү жакшы. Бирок, эгерде кайсы бир тараптын жараны кылмыш жасаса, бизде укуктук каражаттардын бардык механизмдери болот. Муну менен ал кылмышты тез арада иликтеп, күнөөлүү адамды дароо кылмыш жоопкерчилигине тартат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

