Казакстанда АЭСтерге арналган урандын стратегиялык кору түзүлөт

Казакстанда АЭСтерге арналган урандын стратегиялык кору түзүлөт

Казакстанда атомдук электр станциялары үчүн урандын стратегиялык кору түзүлөт. Энергетика министрлиги жарыялаган маалыматка ылайык, уран байытылбайт. Кен абалында сакталат. Азыр Казакстанда даяр ядролук отун өндүрүшү бар. АЭСтин курулушу Казакстанга уран ресурсун ички энергия менен камсыздоо үчүн пайдаланууга мүмкүндүк берет. Эскерте кетсек, президент Касым-Жомарт Токаев Улуттук курултайда өлкөгө 3 атомдук электр станциясын куруу керектигин айткан. Экинчи жана үчүнчү станциялардын курулуш ордун аныктоо үчүн комплекстүү талдоо жүргүзүлөт. Казакстан уран өндүрүү боюнча дүйнөдө биринчи орунда турат. Бул металл дүйнөлүк рыноктун 40 пайызын камсыз кылат. Өлкөнүн ички бөлүгүндө дүйнөдөгү бардык чалгындалган уран корлорунун 14 пайызы топтолгон.

Которгон: Илгиз Жамалбеков