Актөбеде жаштар үчүн коворкинг борбору ачылды. Ал Казакстан эли ассамблеясынын 30 жылдыгына карата ишке берилди. Жаңы имаратта 17 этномаданий бирикме жайгашкан. Бул жерде ар кандай жолугушуулар уюштурулат. Катышуучулар түрдүү этностордун тилдерин өздөштүрүп, элдик чыгармачылыкты үйрөнүүгө мүмкүнчүлүк алышат. Биргелешип иштөө жана эс алуу үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Борбор заманбап техника менен керектүү жабдуулар, шахмат тактасы жана музыкалык аспаптар менен жабдылган. Аймактын жаштары бул жерге улуттук баалуулуктарды бекемдөөгө багытталган жаңы идеяларды талкуулап, аларды ишке ашыруу үчүн байма-бай чогулуп турушат.
Данил Цой, облусттук немистер бирикмеси төрагасынынын орун басары:
- Коворкинг – бул жаштар жолугуп, тренингдерди, семинарларды өткөрүп, жада калса бейформал чогулуштарда чай ичип, эркин пикир алмаша турган мейкиндик. Жакынкы айларда лидерлик жана команда куруу боюнча тренингдерди уюштуруу көздөлүп жатат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

