Эл аралык коопсуздук, БУУнун реформасы, азыркы дүйнөдө орто державалардын ролу жана алдын алуучу дипломатиянын зарылдыгы. Бул тууралуу Казакстандын президенти Анталья дипломатиялык форумунун панелдик сессиясында айтты. Аянтча мамлекеттердин башчыларын, дипломаттарды, серепчилерди жана эл аралык массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүн чогулткан. Касым-Жомарт Токаев өз сөзүндө Түркиянын региондогу маанилүү ролун өзгөчө белгиледи. Мамлекет башчысы Президент Режеп Тайип Эрдогандын жетекчилиги астында бул өлкө эл аралык мамилелердин кадыр-барктуу катышуучусу катары позицияларын бекемдеп жатканын баса көрсөттү.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:
– Менин оюмча, биздин өлкөлөр аймагыбызда мезгил-мезгили менен пайда болуп жаткан эң курч көйгөйлөрдү чечүүдө абдан позитивдүү. Мен айтат элем, олуттуу роль ойной алат. Учурдан пайдаланып, белгилеп кетким келет, биз президент Эрдогандын келерки айда Казакстанга мамлекеттик сапар менен келишин чыдамсыздык менен күтүп жатабыз.
Касым-Жомарт Токаев эл аралык күн тартибин түзүп жаткан негизги чакырыктар тууралуу өз көз карашы менен бөлүштү. Мамлекет башчысы бүгүнкү күндө регионалдык чыр-чатактар глобалдуу болуп баратканын белгиледи. Бириккен Улуттар Уюму түп-тамыры менен өзгөртүлүшү керек, анткени анын көптөгөн жоболору заманбап эмес. Касым-Жомарт Токаев БУУнун Коопсуздук кеңешинин ишин кайра карап чыгуу зарылдыгын белгиледи. Ал конфликттердин алдын алууда дипломатиянын маанилүү ролун белгиледи. Андан тышкары, анын пикиринде, глобалдык тынчтыкты камсыз кылуу үчүн «орто державалардын» ролун күчөтүү маанилүү. Аларга Казакстан, Түркия жана башка өлкөлөр кирет.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:
– Биз глобалдык процесстерге карата жогорку деңгээлдеги жоопкерчиликти көрсөтөбүз – практикада да, дипломатияда да.
Ошондуктан, бүгүнкү күндө орто державалар көбүнчө Коопсуздук Кеңешинде көрсөтүлгөн ири державаларга караганда көбүрөөк жоопкерчиликтүү болушат деп айтуу аша чапкандык болбойт, алар, тилекке каршы, көп учурда негизги глобалдык көйгөйлөрдү чечүүнү тосуп коюшат.
Мындан тышкары, Касым-Жомарт Токаев глобалдык лидерлерге жүктөлгөн жоопкерчиликти белгиледи. Дал ушулар сабырдуулукту көрсөтүшү керек. Казакстандын президенти Жакынкы Чыгыштагы окуяларга өз баасын берди. Анын пикиринде, азыр сүйлөшүү процессинин негизги маселелерине көңүл буруу зарыл.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:
– Казакстан Перс булуңунун өлкөлөрү менен тилектештигин билдирди. Биз бардык мамлекеттерди стратегиялык сабырдуулукка чакырып, аскердик аракеттерди токтотууга үндөдүк. Бирок конфликтке чейин бул деңиз коридору эркин соода үчүн ачык болгонун эске алышыбыз керек. Ошондуктан биз көйгөйдүн маңызына көңүл бурушубуз зарыл. Ал эми көйгөйдүн маңызы өзөктүк технологиялардын жана өзөктүк куралдын жайылышында. Ирандын айланасындагы конфликт жөнүндө сөз болгондо, бул маселе сүйлөшүүлөрдүн негизги темасы болууга тийиш.
Касым-Жомарт Токаев дүйнөнүн жаркын келечегине жана көп тараптуу дипломатияга ишенерин баса белгиледи. Жыйынтыктап айтканда, бүгүнкү күндө натыйжалуу диалог үчүн биргелешип иш алып баруу зарыл. Касым-Жомарт Токаевдин чакырыгын Түндүк Македониянын президенти колдоду. Гордана Силяновска-Давкова дагы БУУнун ишинде алдын алуу дипломатиясына өзгөчө көңүл буруу зарыл деп эсептейт. Касым-Жомарт Токаевдин чоң тажрыйбасын жана анын эл аралык системаны билгендигин панелдик сессиянын модератору, Түркия Республикасынын парламентинин депутаты Мевлют Чавушоглу дагы өзүнчө белгиледи.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

