Казакстан Балкандагы ишенимдүү өнөктөш катары Түндүк Македония менен ар тараптуу өнөктөштүктү өнүктүрүүгө кызыкдар. Бул тууралуу Касым-Жомарт Токаев Казакстанга иш сапары менен келген Түндүк Македониянын президенти Гордана Силяновска-Давкова менен жолугушууда билдирди. Президенттер эки өлкөнүн мамилелеринин бардык тармактарына жаңы дем берүүгө убадалашты. Өзгөчө көңүл айыл чарба, транспорт жана логистика, каржы, туризм сыяктуу келечектүү тармактарга бурулду. Мамлекет башчылары Түндүк Македониянын фармацевтикалык компаниясынын Алматыда өкүлчүлүгүн ачуу чечимин кубатташты.
Которгон: Илгиз
Жамалбеков

