Курултайга шайлоо: шайлоо өнөктүгүнүн графиги

Курултайга шайлоо: шайлоо өнөктүгүнүн графиги

Казакстанда Курултай депутаттарын шайлоого бир айдан ашык убакыт калды. Шайлоо өнөктүгү БШК тарабынан бекитилген календардык планга ылайык өтөт. Жакынкы апталарда бир нече негизги этап каралган. Ошентип, теке айынын 11ине чейин аймактык шайлоо комиссияларынын курамы жарыяланат. 16сында участкалык комиссиялардын курамы, ошондой эле шайлоо участкаларынын даректери жана чек аралары белгилүү болот. Партиялык тизмелерди көрсөтүү 13үнө чейин уланат, ал эми 23үндө саат 18:00гө чейин аларды каттоо аяктайт. Андан кийин үгүт иштери башталат. Ал баш оона айынын 22си түнкү саат 00:00гө чейин уланат. Бул күн тынчтык күнү деп жарыяланат. Баш оона айынын 2синде участкалык комиссиялар шайлоочулардын тизмесин беришет, ал эми 7синен тартып казакстандыктар андагы өз маалыматтарын текшере алышат. Добуш берүү баш оона айынын 23үндө өтөт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков