Казакстан парламентинин Сенаты «Астана Хаб»
эл аралык технопаркин өнүктүрүүгө багытталган мыйзам долбоорун жактырды. Эми
кластер инновацияларды колдоону бир жерге топтоо жана ийгиликтүү тажрыйбаларды
кеңейтүү үчүн «Инновациялык технологиялар паркы» менен бириктирилет. Түзөтүүлөр
бириккен фонддун ишин оптималдаштырууну, венчурдук рынокту каржылоо менен
өнүктүрүүнүн жаңы ыкмаларын жана маалыматтарды коргоо боюнча чараларды
күчөтүүгө багытталган. Сенаторлор документ санариптик чечимдерди киргизүү жана
стартаптар санын арттыруу үчүн кыйла ыңгайлуу шарттарды түзүшү керектигин
белгилешүүдө. Ошондой эле, мыйзамдык түзөтүүлөр «Бирдиктүү терезе» санариптик
платформасын өнүктүрүүнү көздөйт.
Шакарим Буктыгутов, парламент сенатынын депутаты:
- Каралып жаткан мыйзамдын негизги жаңылыгы өлкөнүн санариптик өнүгүү стратегиясын ишке ашыруунун негизги куралы болуп саналган «Астана Хаб» кластеринин ишин өркүндөтүүгө байланыштуу. Мыйзамдын максаты инновациялык ишмердүүлүктү мамлекеттик колдоо тутумун андан ары өркүндөтүү жана жаңы технологияларды киргизүү менен Казакстан экономикасынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн арттыруу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү. Бул документ Жарандык жана Ишкердик кодекстерге жана 10 мыйзамга түзөтүүлөрдү киргизүүнү көздөйт.
Парламенттик реформа – адилеттүү казакстанды
куруу багытынын уландысы
Отурумдун жүрүшүндө Сенаттын Төрагасы Президенттин парламенттик реформа жүргүзүү жана бир палаталуу парламентке өтүү тууралуу сунушуна түшүндүрмө берди. Маулен Ашимбаев реформа Адилеттүү жана күчтүү Казакстанды куруу багытынын татыктуу уландысы болорун, ал эми түпкүлүктүү чечим элдин пикирин эске алуу менен референдум аркылуу кабыл алынарын белгиледи.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

