Президент Токаев АКШ конгрессинин делегациясын кабыл алды

Президент Токаев АКШ конгрессинин делегациясын кабыл алды

Касым-Жомарт Токаев АКШ Конгрессинин өкүлдөр палатасынын делегациясы менен казак-америка мамилелерин өнүктүрүүнүн келечегин талкуулады. Жолугушууда парламенттер аралык байланыштарды чыңдоого өзгөчө көңүл бурулду. Мамлекет башчысы АКШ конгрессмендеринин иш сапары парламенттик дипломатияны өнүктүрүү жагынан маанилүү экенин белгиледи. Ал ошондой эле эки тараптуу соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыктын тез өнүгүп жаткандыгына канааттанганын билдирди. Президент конгрессмендерге өлкөдө жүргүзүлүп жаткан ири реформалар жана Казакстан элине кайрылуусунун негизги багыттары тууралуу айтып берди.

Которгон: Илгиз Жамалбеков