Мындан туура 29 жыл мурун, аяк оона айында Казакстан менен Беларустун ортосунда дипломатиялык мамиле түзүлгөн. Тараптар эгемендүүлүк алгандан бери өз ара ишенимдүү стратегиялык өнөктөштүккө айланды. Эки республика мамлекет менен ар кандай уюмдардын арасында бир катар келишимдерге кол коюшту. Бүгүнкү күндө эки тараптуу кызматташуунун укуктук негизи 80ден ашык эл аралык келишимден турат. Ал экономикалык, социалдык жана маданий тармактарды камтыйт. Натыйжалуу байланыш 2026-жылга чейин мамлекеттер аралык экономикалык жана социалдык өнөктөштүк келишиминин негизинде жүзөгө ашып келет. Өз ара макулдашуу боюнча узак мөөнөттүү товар алмашуулардын көлөмүнүн артып, эми соода жүгүртүүнүн өзүн эле бир миллиард доллардан ашыруу көздөлгөн. Бирдиктүү экономикалык мейкиндиктеги келишимдер менен катар, эл аралык аренада ар кандай глобалдык деңгээлдеги максат жана кызыкчылыктары бир.
Павел Утюпин, Казакстан Республикасындагы Белорус Республикасынын толук жана ыйгарым укуктуу элчиси:
- Биз парламенттер аралык жакшы мамиленин пайдасын көрүп жатабыз деп ишенимдүү түрдө айта алам. Бизде өкмөттөр аралык тыгыз байланыш бар. Ошондой эле эки тараптуу соода-экономикалык комиссия иштейт. Аларды эки өлкөнүн премьер-министрлери жетектейт. Өнөр жай комплекси, айыл чарбасы, билим берүү жана илим, технология тармактарында жумушчу топтор түзүлгөн. Эки өлкөнүн ишкер чөйрөсү кызматташуунун алкагы кеңейип келүүдө. Башкача айтканда, мамлекеттик деңгээлде чарба субъектилерине колдоо көрсөткөн институттарды өнүктүрүү жана алардын иши бир жолго коюлган.
Которгон: Илгиз Жамалбеков