Конституциялык реформа Казакстандын өнүгүүсүнүн жаңы моделин түзөт

Конституциялык реформа Казакстандын өнүгүүсүнүн жаңы моделин түзөт

Казакстандын Конституциясына киргизилген өзгөртүүлөр дүйнөлүк тренддерге көз салуу эмес, 2022-жылы башталган ички өзгөрүүлөргө жооп болуп саналат. Бул тууралуу азербайжандык саясат таануучу Илгар Велизаде билдирди. Айтымында, Казакстан башкалардын моделдерин көчүрбөйт, тескерисинче, өзүнүн тарыхын жана уникалдуу мамлекеттүүлүгүн эске алуу менен эффективдүү механизмдерди ылайыкташтырат. Сөз бийликтин тең салмактуу системасы жөнүндө болуп жатат: Парламенттин ролун күчөтүү, шайлануучу органдардын ыйгарым укуктарын кеңейтүү жана президенттик функциялардын бир бөлүгүн кайра бөлүштүрүү. Реформалардын негизги элементтеринин бири катары серепчи «Угуучу мамлекет» концепциясын атады.


Ильгар Велизаде, саясат таануучу, Азербайджан:


- Казакстандын президенти өз макалаларында бийликтин жаңы системасын, бийликти уюштурууну жана бийлик менен коомдун ортосундагы диалогду көрүүсүн бир нече жолу чагылдырган. Угуучу мамлекет идеясын дал ушул кишинин сунуштаганы кокустук эмес. Коомдун муктаждыктарын уккан, андан тиешелүү тыянактарды чыгарган жана конкреттүү чечимдерди кабыл алган мамлекет. Калыптанып жаткан бул тең салмактуулук жана каршы салмактуулук системасы Казакстан элинин кызыкчылыктарын чагылдырган конкреттүү жана натыйжалуу чечимдерди кабыл алууга багытталган.

Которгон: Илгиз Жамалбеков