Мажилис Казакстан менен Вьетнам арасындагы укуктук келишимди кабыл алды

Казакстан менен Ветнамдын ортосундагы укуктук кызматташтык бекемделет. Өлкө Мажилиси эки мамлекеттин ортосунда соттолгон адамдарды өткөрүп берүү келишимин кабыл алды. Ошентип, документ чет өлкөдө камактагылардын жарандыкка таандык укуктарын жана кызыкчылыктарын сактоого, жасаган укук бузуулары үчүн жаза өтөөнүн ордун тандоого өбөлгө түзөт. Бул үчүн эки мамлекетте тең кылмыш деп эсептелген иш-аракеттери үчүн соттолгон жана өз ыктыяры менен кайтып келүүгө макул болушу керек. Келишим тараптардын ар кандай багыттардагы мамилелеринин өнүгүшүн эске алуу менен түзүлгөн. Ошентип, акыркы убакта Казакстандан Вьетнамга баргандардын саны кескин көбөйдү. 2020-жылы бул Түштүк Азия мамлекетине миңге жакын мекендеш келсе, быйыл 9 айда эле алардын саны 106 миңге жетти. Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө эки тараптын тең кылмыштары үчүн жаза өтөп жаткандар жок. Мындай келишимди учурда Казакстан 24 өлкө менен түздү. Акыркы 5 жылдын ичинде эле 160 соттолгон адам өлкөнүн чегинен тышкары жакка кайтып келген. Алардын 24ү быйыл кайтарылган.

Галымжан Койгелдиев, Башкы прокурордун орун басары:

- Мамлекет үчүн чет өлкөдө жүргөн жарандарды коргоо Конституция тарабынан жүктөлгөн милдет. Анткени Конституция биздин өлкөнүн чегинен тышкары жарандарды коргоого жана кам көрүүгө кепилдик берет. Буга байланыштуу чет өлкөдө кылмыш жасаган, эркинен ажыратуу мекемесинде жазасын өтөп жаткан жарандардан баш тартпайбыз. Биз өлкөбүздө жаза өтөө үчүн бир катар мамлекеттер менен мындай келишимдерге кол коюунун үстүндө иштеп жатабыз. Бул келишимдер чоң мааниге ээ. Социалдык көз караштан алганда, соттолгон жарандарыбызды чет өлкөгө туугандарынан ажыратпастан алып келүү алардын коомго тез көнүп кетишине оң таасирин тийгизет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков