КМШнын байкоочулары Казакстанда ишин баштады

КМШнын байкоочулары Казакстанда ишин баштады

КМШдан келген байкоочулар миссиясынын курамына бардык өлкөлөрдүн өкүлдөрүнөн тышкары Шериктештиктин Парламенттик ассамблеясынын өкүлдөрү, борбордо каттоодон өткөн дипломаттар да кирет.

Ильхом Нематов, КМШнын аткаруу комитетинин төрагасынын орун басары:

КМШдан келген байкоочулар миссиясы шайлоо өнөктүгүнө байкоо жүргүзө баштады. Уюштуруу маселелерин чече турган миссиянын штабын ачып жатабыз. Штаб кыска мөөнөттүү, узак мөөнөттүү байкоочуларды аймактар ​​боюнча бөлүштүрөт, Казакстандын шайлоо мыйзамдарына баа берүү маселелери менен алектенет.

Спикердин айтымында, миссия бардык аймактарды жана шайлоо участкаларын камтууга аракет кылат. Байкоочулар ошондой эле аймактык шайлоо комиссияларында болуп, шайлоо өнөктүгүнө даярдыктын жүрүшүн талкуулашат.

Ильхом Нематов, КМШнын аткаруу комитетинин төрагасынын орун басары:

Биздин ишибиз ачыктыктын, демократиянын, бейтараптуулуктун, эл аралык укуктун негизги нормаларын жана принциптерин сактоо менен Казакстандын ички иштерине кийлигишпөөнүн негизинде курулган. Бизде байкоо жүргүзүү тажрыйбасы бар. Бул КМШнын Казакстандагы 15-байкоочу миссиясы. Биз акыркы билдирүүнү даярдоо үчүн байкоо объективдүү болоруна ишенебиз.

Миссиянын 10 узак мөөнөттүү байкоочусу буга чейин аккредитациядан өткөн. Кыска мөөнөттүүлөр - Казакстанга президенттик шайлоонун алдында келет. Ошондой эле байкоочу топтордун бардык жетекчилеринин катышуусу менен координациялык кеңеш түзүлөт. Алардын ишинин жыйынтыгы жетинин айынын 21инде чыгарылат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков