Казакстан менен Орусия Парламент аралык байланышты бекемдейт

Казакстан менен Орусия Парламент аралык байланышты бекемдейт

Казакстан менен Орусия 2025-2027-жылдарга парламенттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча иш-чаралар планын койду. Ошондой эле өлкөнүн Сенатынын аппараты Орусиянын Федерация Жыйынынын Федерация Кеңешинин аппараты өз ара кызматташуу тууралуу келишим түздү. Жолугушуунун жүрүшүндө ата мекендик жогорку палатанын спикери жана коңшу мамлекеттин Федералдык Кеңешинин Төрагасы парламенттер аралык байланыштарды мындан ары активдештирүүнү болжолдогон дымактуу тармактарга көңүл бурушту. Эки өлкөнүн депутаттарынын соода-экономикалык, инвестициялык, өнөр жай кооперациясы, туризм, санариптештирүү жана башка артыкчылыктуу багыттар боюнча мындан аркы өз ара аракеттешүүсүнүн милдеттери аныкталды. Тараптар ошондой эле региондор аралык байланыштарды кеңейтүү биргелешкен иштин артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгилеп, ошондой эле эл аралык мамилелер системасында фундаменталдуу ролду ойногон билим берүү жана илимий байланыштарды өнүктүрүү боюнча пикир алмашты.

Маулен Ашимбаев, Парламент Сенатынын төрагасы:

- Орусия Казакстандын башкы саясий жана экономикалык өнөктөшү. Мамлекет башчысы Касым-Жомарт Кемел уулу Токаев белгилегендей, биздин өлкөлөр ортосундагы мамилелер бекем жана бузулбас достуктун үлгүсү болуп саналат. Мындай мамиленин далили катар албетте, кызматташуунун бардык чөйрөлөрүндө өз ара аракеттенүүнү ырааттуу жана натыйжалуу өнүктүрүү болуп саналат. Сиздин Казакстанга болгон сапарыңыз парламенттер аралык кызматташтыктын жогорку динамикасын сактоого жардам берет деп ишенебиз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков