Президент ТМУга мүчө мамлекеттердин Борбордук банктары өкүлдөрүнүн кеңешине катышты

Президент ТМУга мүчө мамлекеттердин Борбордук банктары өкүлдөрүнүн кеңешине катышты

Түрк мамлекеттери уюмуна кирген өлкөлөрдүн дүйнөлүк ички дүң өнүмдөрүнүн үлүшү 3,1 пайызга жетти. Бул тууралуу Казакстандын президенти уюмга мүчө мамлекеттердин Борбордук банктар кеңешинин биринчи жыйынында билдирди. Өлкөлөрдүн эл аралык резервдери өсүүдө. Бул аймактын макроэкономикалык туруктуулугунун жогорулаганын көрсөтөт. Президент жакында Венгрияда өткөн бейформал саммитте мамлекет башчылары кызматташууну тереңдетүүнүн маанилүүлүгүн дагы бир жолу тастыкташканын белгиледи. Бул тарифтик саясаттын өзгөрүшүнө байланыштуу дүйнөлүк экономиканы трансформациялоодо маанилүү болуп калды. Мамлекет башчысы Борбордук банктар ортосундагы диалогдун кеңейиши түрк мамлекеттеринин экономикалык дараметин ишке ашыруу үчүн бекем негиз болоруна ишеним билдирди. Президент Кеңештин күн тартибинде каржылык технологияларды өнүктүрүүгө байланышкан актуалдуу темалар киргизилгенин айтты. Казакстан бул багытта бир топ ийгиликтерге жетишти. Улуттук банк региондо биринчилерден болуп санариптик теңгени киргизди. 

Которгон: Илгиз Жамалбеков