Казакстандык окумуштуулар Казакстанда гана эмес, дүйнөдө да аналогу жок суу өткөрбөс асфальтты тааныштырды. Атайын эритменин жардамы менен автомагистралдардын колдонуу мөөнөтү 10-15 жылга чейин узарат. Иштеп чыгууну өлкө жолдорунда ушул жылдын жазынан баштап сынап көрүштү. Ошондой эле ата мекендик окумуштуулардын дагы бир инновациясы - издерди жоюу үчүн модификатор.
Азамат Умаров, жол төшөө үчүн химия өндүрүшү боюнча компаниянын иштеп чыгуучу-технологу:
- Биздин бардык иштеп чыгуулар Казакстанда колдонулган материалдардын негизинде жасалган. Башкача айтканда, бул биздин шагыл, биздин битум, биздин климат, биздин эмгек шарттарыбыз жана биздин менталитетибиз. Бул биздин шарттарга ылайык гана жасалган. Биздин Түндүк Казакстанга, жайкы температура жогору болгон Түштүк Казакстанга. Туздуу суудан, шамалдан улам Батыш Казакстанга ылайыкташтырылган.
Казакстанда жол курулуш материалдарынын жана жаңы технологиялардын бирдиктүү базасы да ишке киргизилди. Анда 300гө жакын иштеп чыгуу бар. Алардын 50сү сыноодон өтүп, трассаларда эффективдүүлүгүн тастыктады. Бул жаңы муундагы асфальт-бетон аралашмалары гана эмес, топуракты турукташтыруучу заттар дагы. Алар жолдун бекемдигин жана бышыктыгын жогорулатууга гана мүмкүндүк бербестен, курулуш процессин тездетип, чыгымдарды азайтат.
Адия Жумагулова, «Каздорнии» акционердик коомунун илимий изилдөө жана иштеп чыгуу борборунун жетекчиси:
- «Жашыл» макамда көрсөтүлгөн, колдонууга сунушталган материалдардын көбүн ата мекендик өндүрүштүн материалдары түзөт. Жалпысынан алганда, курулуш материалдарынын жана технологияларынын бирдиктүү базасы келечекте биздин материалдардын эл аралык рынокто атаандашууга мүмкүндүк берет. Эгерде бизде 190го жакын иштеп чыгуулар бар деп айтсак, алардын 70-80и казакстандык өндүрүүчүлөр.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

