Казакстандын Президентине өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү тууралуу Премьер-Министр маалымат берди. Олжас Бектенов экономиканын өсүшүн ар тараптандыруу боюнча тапшырмалардын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө айтып берди. Белгилей кетсек, алар реалдуу секторду колдоо жана инфраструктураны модернизациялоо боюнча масштабдуу программа аркылуу ишке ашырылууда. Мындан тышкары, Касым-Жомарт Токаев Өкмөттүн бизнести колдоо жана жеке инвестицияларды тартуу үчүн башкаруунун санариптик ыкмаларын киргизүү боюнча иши тууралуу маалымат алды. Министрлер кабинетинин башчысы жазгы талаа иштерине жана суу ташкыны мезгилине даярдыктар тууралуу айтып берди. Жыйынтыгында Президент Олжас Бектеновго экономиканын өсүшүн жана диверсификациясын камсыз кылуу боюнча ишти активдештирүүнү тапшырды.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

