Казакстан менен Евробиримдик: Дипломатияга 30 жыл

Казакстан менен Евробиримдик: Дипломатияга 30 жыл

Бул аралыкта өз ара байланыш үзүлгөн жок. Бүгүнкү күндө эски континенттик биримдик өлкөнүн негизги соода жана инвестициялык өнөктөштөрүнүн башында турат. Мамилелер орногондон бери Казакстан экономикасына европалык капиталдын 160 миллиард доллардан ашык акчасы тартылган. Бул каржы агымы дагы да тартыла бермекчи. Товар жүгүртүү алгачкы соодадан 180 эсеге артты. Азыр да бул көрсөткүч күч алып, тышкы сооданын үчтөн бир бөлүгү Европа биримдигине туура келет.

Кестутис Янкаускас, Евробиримдиктин Казакстандагы элчиси:

- Биздин достук дипломатиялык мамилелер орногондон кийин эле дароо башталган. 1995-жылы кызматташуу жана өнөктөштүк келишимине кол коюлду. Бул тарыхый документ европалык инвестицияга, өнөктөштүккө жана өз ара соодага жол ачкан негизги келишим болду. Башкача айтканда, кызматташтыктын пайдубалын түптөдү. Он жылдан кийин тараптар кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташтык боюнча келишимге кол коюшту. Экономикалык жана социалдык багыттагы 29 багытты камтыган келишим азыр толук күчүнө кирип, анын масштабы кеңейип келүүдө. Бул документ кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө негиз болду.

Азыркы учурда өлкөдө европалык капиталдын катышуусу менен 3 миңге жакын компания өз бизнесин ийгиликтүү иштетип келүүдө. Соода жана транспорттук логистика, кесиптик, илимий-техникалык тармактарда, ошондой эле каржылык жана камсыздандыруу ишмердигинде биргелешкен долбоорлор жүзөгө ашырылып жатат. Эки тарап дээрлик бардык багыттар боюнча натыйжалуу кызматташтыкты түзүштү.

Кестутис Янкаускас, Евробиримдиктин Казакстандагы элчиси:

- Кызматташтыктын 30 жылынын ичинде Евробиримдиктин өлкөлөрү 77 миллиард долларга жакын инвестиция салышкан. Бул Казакстанга салынган инвестициянын 50%ын түзөт. Былтыр биздин биримдикке мүчө өлкөлөр 800 миллион долларга жакын инвестиция салышкан. Бул көрсөткүчтөр жакынкы бир нече жылда биздин кен байлыктарыбыз, «Жашыл» суутек жана «жашыл» энергетика боюнча келишимдердин алкагында бир топ жогорулайт деп ишенем.

Ошол эле учурда Казакстан менен Евробиримдиктин бекем карым-катнаштары бир гана соода жана инвестициялык кызматташууга негизделбегенин белгилей кетүү керек. Ага кошумча, маданий-гуманитардык кызматташтыктын аркасында достук мамилелер бекемделип келет. Эки тараптуу дипломатиянын 30 жылдыгына карата бир катар иш-чараларды уюштуруу көздөлгөн.

Которгон: Илгиз Жамалбеков