Жыйында адаттагыдай ынтымактуу мекендештердин ортосундагы достуктун шамын өчүрбөө камында бир катар орчундуу маселелер көтөрүлөрү күтүлүүдө. Салттуу иш-чарага миңден ашык адам чогулат. Ага өлкөнүн Парламент мүчөлөрүнүн, борбордук жана жергиликтүү аткаруу органдарынын депутаттары, диний бирикмелердин, дипломатиялык корпустун, бейөкмөт уюмдардын жана этномаданий бирикмелердин жетекчилери, илимий жана чыгармачыл интеллигенция, ата мекендик жана чет элдик массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышат. Сессиянын биринчи күн тартибинде квалификациялуу серепчилердин катышуусунда дискуссиялык форумдар уюштурулат. Экинчи күнү мамлекет башчынын катышуусунда пленардык жыйын болот.
Которгон: Илгиз Жамалбеков