Жакынкы эки жылда Казакстанда бир катар жаңы долбоорлорду ишке ашыруу
пландалууда. Алар республиканын энергетика системасынын кубаттуулугун 3
гигаваттка көбөйтүүгө мүмкүндүк берет. Кошумчалай кетсек, 2026-жылы Кашаганда
жаңы газ иштетүүчү заводду, Талдыкорган-Үшарал газ түтүгүн жана
Бейнеу-Бозой-Шымкент газ куурунун экинчи линиясын ишке киргизүү көздөлүп жатат.
Премьер-министрдин катышуусунда өкмөттө өткөн жыйында президенттин Улуттук
Курултайда айтылган тапшырмаларынын аткарылышы талкууланды. Ага ылайык, эми чек
ара аймактарын өнүктүрүү боюнча мыйзам жана регионалдык саясат концепциясы иштелип
чыгат. Акыркысы
аймактарды өнүктүрүүдөгү дисбалансты чечет. Транспорт тармагында ири
инфраструктуралык долбоор ишке ашырылат. Ошентип, борбордук жана батыш
аймактардын ортосундагы жол узундугу дээрлик 800 чакырымды түзгөн коридорду
киргизүүнүн эсебинен бир кыйла кыскарат - Олжас Бектеновго өлкөдө маалымат
борборлорунун дарамети кыйла кеңейип, бюджетти пландаштыруу тармагына жасалма
интеллект киргизиле тургандыгы тууралуу маалымат берилди. Жакынкы 3 жылда айыл
чарба тармагында 3 миллион долларга 560 долбоор башталат. Ошондой эле,
биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо жана экологиялык маданиятты чыңдоо иштери
жүргүзүлөт. Премьер-Министр бардык багыттар боюнча сапаттуу жана ыкчам иштердин
зарылдыгын белгилеп, бир катар тапшырмаларды берди.
Олжас
бектенов, Казакстандын Премьер-министри:
- Мамлекет башчысы өз сөзүндө экономикалык өсүш ири инфраструктуралык жана энергетикалык долбоорлорду ишке ашыруу, санариптештирүү, адам капиталын өнүктүрүү менен байланыштуу экенин белгиледи. Президент салык саясаты жаатындагы мамлекеттик реформаларды колдоду. Маалым болгондой, өзгөртүүлөрдүн алгачкы топтому буга чейин парламенттин Мажилисине келип түшкөн. Ошону менен бирге бюджеттик каражаттарды оптималдуу чыгымдоого жана республикалык бюджеттин киреше бөлүгүн камсыз кылууга, мамлекеттик органдарга жана квазимамлекеттик секторго жаңы санариптик технологияларды, анын ичинде жасалма интеллект элементтери менен киргизүүнү күчөтүүгө өзгөчө көңүл буруу керек.
Которгон:
Илгиз Жамалбеков

