Казакстандын Президентине Астананын акими Жеңиш Касымбек
борбор калаанын социалдык-экономикалык жана инфраструктуралык өнүгүүсү тууралуу
баяндама жасады. Анын айтымында, жети айдын ичинде негизги капиталга салынган
инвестициянын көлөмү 1 триллион теңгеден ашты. Жылдын аягына чейин мегаполисте
300 миллиард теңгеге 55 инвестициялык долбоорду ишке ашыруу пландаштырылууда.
Ошондой эле Астанада 15 мектеп пайдаланууга берилип, 170 короо жана коомдук
жайлар көрктөндүрүлүп, 1 миллионго жакын дарак отургузулат. Касым-Жомарт
Токаевге борбор калаанын жылуулук кубаттуулугун үчтөн бирине көбөйтүүгө
мүмкүндүк берген №3 ЖЭБдин жана газ станцияларынын биринчи кезектеги
курулушунун аяктаганы тууралуу да маалымат берилди. Жолугушуунун жыйынтыгында
Мамлекет башчысы бир катар тапшырмаларды берди.
Женис Касымбек, Астана шаарынын акими:
- Жылдын аягына чейин 5 миллион чарчы метр турак жайды
пайдаланууга берүүнү пландаштыруудабыз. Бул жаңы инвестициялар жана жаңы туруктуу
жумуш орундары. Мындан тышкары, Мамлекет башчысына жылытуу сезонуна даярдык
көрүү боюнча маалымат бердим. Негизги даярдык иштери түздөн-түз жерлерде
жүргүзүлүп, кийинки айда аяктайт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

