Мамлекет башчысы
Касым-Жомарт Токаев Украинанын Президенти Владимир Зеленский менен телефон
аркылуу сүйлөштү. Бул сүйлөшүү украин тараптын демилгеси менен болду.
Касым-Жомарт Токаев Казакстандын Украинада эл аралык укуктун принциптеринин
негизинде бекем тынчтык орнотууга кызыкдар экенин белгиледи. Президент Астана
башынан эле адилеттүү негизде тынчтык формуласын биргелешип издөөнү колдой
турганын, БУУнун Уставын, эгемен мамлекеттердин чек араларынын кол тийбестигин
жана алардын аймактык бүтүндүгүн сактоону ырааттуу түрдө жактап келерин эске
салды. Касым-Жомарт Токаевдин пикиринде, чыр-чатакты чечүүгө салмактуу жана
рационалдуу мамиле жасап, Украинанын мамлекеттүүлүгүн сактоону жана коргоону
камсыз кылуу маанилүү.
Которгон: Назира Бегалиева

