Казакстан менен Орусиянын Президенттери телефон аркылуу сүйлөштү

Казакстан менен Орусиянын Президенттери телефон аркылуу сүйлөштү

Казакстан менен Орусиянын Президенттери бүгүн телефон аркылуу сүйлөштү. Касым-Жомарт Токаев менен Владимир Путин өлкөлөрдүн ар тараптуу мамилелеринин учурдагы абалын жана өнүгүү мүмкүнчүлүктөрүн достук жана өз ара ишенимдүү маанайда талкуулашты. Мамлекет башчылары жогорку деңгээлде жетишилген макулдашуулардын ырааттуу ишке ашырылып жатканын белгилешти. Ошондой эле президенттер маданий-гуманитардык байланыштарды тереңдетүү иштеринин маанисине токтолушту. Сүйлөшүү учурунда тараптар эл аралык жана аймактык күн тартибиндеги маселелер боюнча пикир алмашты. Касым-Жомарт Токаев Орусиянын Президентин Казакстанга мамлекеттик сапар менен келүүгө чакырганын дагы бир жолу ырастады.

Которгон: Илгиз Жамалбеков