Казакстан Президенти телерадиокомплексинин журналисттери Al Jazeera Медиа институтунда билимдерин өркүндөттү. Дохадагы жекече окуу программасынын алкагында кабарчылар күнүмдүк ишин оптималдаштырып, кесиптик чеберчиликти жогорулатууга багытталган эффективдүү куралдарды өздөштүрүштү. Мисалы, ЖМК өкүлдөрү соңку маалыматтардан кабардар болуу үчүн жасалма интеллектин мүмкүнчүлүктөрү керекке жароосу толук мүмкүн деп эсептешет. Алар жаңы технологиялар көрүүчүлөр үчүн заманбап медиа стандарттары боюнча уникалдуу контентти түзүүгө мүмкүндүк берет деп ишенишет.
Фарас Гани, «AL JAZEERA» эл аралык телекомпаниясынын англис тилиндеги порталынын санариптик редактору:
- Жумушту жеңилдетүү үчүн гана эмес, жаңы идеяларды жаратуу үчүн технология дүйнөсүндө эмне болуп жаткандыгын билүү маанилүү. Менин оюмча, айрыкча жасалма интеллект боюнча өткөн мындай курстардын пайдасы мол. Биз ньюсрум деп атаган жаңылыктар бөлүмүндө болгонубузга карабай, жумуш көлөмүнүн көптүгүнө байланыштуу сыртта болуп жаткан окуялардын баарын биле бербейбиз. Ал эми мындай окуулардан иш-аракеттерибизди натыйжалуу кылган мыкты тажрыйбалар менен тааныша алабыз.
Рабига Нурбай, «Казмаалымат» эл аралык маалымат агенттигинин аралык жаңылыктар кызматынын башчысы:
- Азыр бизде Медиада колдоно турган колдонмо куралдар топтому бар. Медиада AI абдан кеңири колдонулат. Эң маанилүүсү бул нерсени азыр үйрөнүп, бир кадам алдыда болуп жана ишти натыйжалуураак кылуу.
Белгилей кетсек, мындай билим берүү Казакстан Президенти телерадиокомпаниясы менен Al Jazeera ортосундагы кызматташтык тууралуу меморандумдун аркасында мүмкүн болду. Документке өткөн жылдын бирдин айында Касым-Жомарт Токаевдин катардагы мамлекеттик сапарынын алкагында кол коюлган.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

