«Астана Опера» гастролдук сапар менен Санкт-Петербургга барды

«Астана Опера» гастролдук сапар менен Санкт-Петербургга барды

«Астана Опера» театры Санкт-Петербургда өткөн эл аралык «Dance Open» фестивалында «Коппелия» балетин сахналаштырды. Композитор Лео Делибдин француз үлгүсүндөгү сюжети механикалык куурчакка ашык болгон жаш жигиттин окуясын баяндайт. Спектаклдин автору-хореограф Ролан Пети. Көрүүчүлөр казакстандык артисттердин өнөрүн жогору баалашты. Сахнада жарык менен көлөкөнүн гармониялуу оюну спектаклге көрк кошту. Ал эми аудитория менен мамиле жана жаңсоолор аркылуу баарлашуу көрүүчүлөрдү өзгөчө сезимге бөлөдү.


Алтынай Асылмуратова, «Астана Опера» балет труппасынын көркөм жетекчиси:


- Бизде 2019-жылы коюлган керемет спектакль бар. Спектаклди артисттер гана эмес, көрүүчүлөр да абдан жакшы көрүшөт. Биз буга кубанычтабыз. Өтө жеңил, позитивдүү спектакль.

Которгон: Илгиз Жамалбеков