Казакстанда
«Франкофония жазы» башталды. Мындай салттуу иш-чара өлкөдө 16-жолу өтүп жатат.
Адаттагыдай эле чын куран айынын 15не чейин уланып, анда француз киносу, түрдүү
концерттер, конференциялар, адабий жолугушуулар, көргөзмөлөр жана сынактар өтөт.
Бул маданий-агартуу иш-чаралары Казакстандын бир нече шаарларында: Алматы,
Астана, Шымкент, Атырау, Караганды, Өскемен жана Костанайда өткөрүлөт.
Фестивалды Бельгия, Канада, Франция, Литва, Марокко, Румыния, Сербия, Армения
жана Швейцариянын элчиликтери биргелешип уюштурууда. Буга байланыштуу француз
тилин жана өлкөлөр ортосундагы маданий кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган
фестиваль учурда 90 мамлекетти камтыйт. Казакстанда 11 миң студент француз
тилин үйрөнүүдө жана тилди өздөштүргөндөрдүн саны жыл сайын көбөйүүдө. Учурда
өлкөнүн бир катар мектептеринде француз тили окутулат. Мамлекет башчыларынын
макулдашуусу менен Астана жана Алматы шаарларында дагы эки окуу жайын ачуу
пландалууда.
Сильван Гиоге,
Франциянын Казакстандагы Атайын жана Толук ыйгарым укуктуу элчиси:
– Казакстан –
чоң мамлекет жана анын франкофониялык дүйнө менен кызматташууга абдан кызыкдар
экенин билебиз. Ошондуктан биз жыл сайын ар кайсы шаарларды камтууга аракет
кылабыз. Быйыл Казакстандын 7 шаарында ар кандай иш-чараларды өткөрөбүз. Жакынкы
жылдарда башка шаарларды да камтыйбыз деген үмүттөбүз. Ушул максатты көздөп, 9
элчиликтин аракетин бириктирип, программабыздын масштабын кеңейте алганыбызга
кубанычтабыз.
Владимир
Йовичич, Сербиянын Казакстандагы Атайын жана Толук ыйгарым укуктуу элчиси:
– Бул менин Астанадагы,
Казакстандагы франкофониялык коомчулуктун иш-чараларына катышуудагы биринчи
тажрыйбам. Сербиянын өзүндө Франкофония айы салттуу түрдө өткөрүлүп келет. Ал
эми бул өлкөгө биз биринчи жолу чакыруу алдык жана бул жакшы салтка айланат деп
ишенем. Жыл сайын Франкофония дүйнөсүндө дагы көп иш-чаралар жана демилгелер
болот деген үмүттөмүн.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

