Этно стилдеги Bozjyra Fashion Week мода жумалыгы

Борбор калаада этникалык моданы даңазалаган мода жумалыгы өтүүдө. Bozjyra Fashion Week - бул казакстандык эле эмес, жакынкы чет элдеги этностилге басым жасаган дизайнерлердин башын бириктирген иш-чара. Үчүнчү жолу уюштурулуп жаткан мода жумалыгы Улуу талаа аялдарынын образын бүт дүйнөгө таанытуу максатын көздөйт. Грузия, Орусия, Өзбекстан жана Казакстандын дизайнерлери жоокерчилик мезгилинде эркектер менен бирге ат минген тармал чачтуу баатырлардын образын колдонушкан. Быйылкы жумалык 16-кылымда жашаган, ак сөөктүгү менен таанымал болгон жана Англиянын ханышасы Елизавета 1дин шериги болгон Ару Султанга арналды. Иш-чарага катышкан чет элдик дизайнерлер казак өнөрүнөн шыктанышканын жашырышкан жок.

Лурена Доскеева, Bozjyra Fashion Week:

-Биз келечекте Борбордук Азия жана Жакынкы Чыгыштын бардык дизайнерлеринин башын бириктирип, тыгыз өнөктөштүктү түзгүбүз келет. Себеби, түрк элдеринин руханий баалуулугу кеңири таралган. Бирок аны ар бир улут ар кандай түшүнөт. Түрк дүйнөсүнүн дизайнерлеринин бирикмеси бул багытты тез өнүктүрүүгө мүмкүндүк берет.

Джулия Титова, катышуучу:

-Тарыхы терең казак эли байыртадан калыптанып калганы көрүнүп турат. Биринчи кезекте, мага казак элинин күчтүүлүгү абдан жакты. Анткени ар бир сүрөттү, ар бир оюмду карасаң сырдуу күчтү көрүүгө болот.

Которгон: Илгиз Жамалбеков