Президент Stadler Kazakhstan заводу менен таанышты

Президент Stadler Kazakhstan заводу менен таанышты

Мамлекет башчысы Stadler Kazakhstan заводунда өндүрүлгөн биринчи жүргүнчү вагону менен таанышты. Транспорттур иштөө мөөнөтү 40 жыл. Аталган ишкана кыймылы оор жүргүнчүлөр үчүн купе, плацкарт жана атайын вагондорду чыгарат. Быйыл 51, ал эми 2030-жылга чейин 557 вагонду ишке киргизүү пландалууда. Касым-Жомарт Токаевге темир жол каттамы тутумун жаңылоонун жүрүшү тууралуу маалымат берилди. Өлкө боюнча 125 вокзал оңдолуп жатат. Эл аралык өнөктөштөр менен биргеликте кызматтардын сапатын жогорулатууга багытталган чечимдер киргизилүүдө. Поезддер спутниктик интернетке туташат. Коопсуздукту күчөтүү максатында маалыматтарды талдоого жөндөмдүү 4 миң камера колдонулат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков