Казакстанда
2026-жылы климат боюнча аймактык саммит өтөт. Анын платформасында глобалдык
чакырыктарга каршы күрөшүү боюнча Борбордук Азия өлкөлөрү менен биргелешкен
сунуштар иштелип чыгаары күтүлүүдө. Мындай чечим Бакуда өткөн БУУнун Климат
боюнча акыркы COP-29 конференциясында айтылды. Анын жыйынтыгында кабыл алынган
демилгелер жана документтер Астанада өткөн жыйында ата мекендик жана эл аралык серепчилер талкуулады. Алардын айтымында, Казакстан 2060-жылга чейин
көмүртектин бейтараптуулугуна жетүү максатына ишенимдүү кадам таштоодо. Буга
мисал катары реалдуу долбоорлорду жана келишимдерди айтсак болот. Мисалы,
Бакудагы саммиттин алкагында өлкөнүн экология министрлиги менен көмүртек Айыл
чарба стандарттарын өнүктүрүү боюнча эл аралык компаниянын ортосунда келишим
түзүлдү. Талдоочулар аларды айыл чарбасында колдонуу өлкөгө парник газдарын
чыгарууну бир топ кыскартууга шарт түзөөрүн, натыйжада өлкөнүн айыл чарба
тармагына инвестицияны көбүрөөк тартууга себеп болоорун белгилешет.
Наталья
Бачинская, эл аралык серепчи:
- Бул
технология өнүмдүүлүккө оң таасирин тийгизет. Ошондуктан ата мекендик дыйкандар
үчүн абдан пайдалуу болот. Бул үчүн ниетиңизди билдирип, арыз жазуу керек. Анан
окууга кошулуп, атайын программаны өздөштүрөсүз. Бул негизинен дыйканчылыктын
технологияларын колдонууга байланыштуу. Башкача айтканда, жер айдоо, топурактын
кунарлыгы үчүн аны терең кайра иштетүүдөн баштап, айыл чарба калдыктары менен
иштөөгө чейинки натыйжалуу агрардык технологияларды камтыйт. Башкача айтканда,
мол жана сапаттуу өнүм жыйноонун алдыңкы ыкмаларын сунуштайт.
Белгилей кетсек, БУУнун
Бакудагы климаттык конференциясында сүйлөшүүлөр бир катар макулдашуулар менен
аяктаган. Алардын негизгиси өнүккөн өлкөлөрдүн климаттын өзгөрүшүнө каршы
күрөшүү үчүн жылына 300 миллиард доллар инвестициялоо милдеттенмелерине
байланыштуу.
Которгон: Илгиз Жамалбеков