Казакстандын президенти эл аралык өнөктөштүк боюнча Еврокомиссарды кабыл алды

Казакстандын президенти эл аралык өнөктөштүк боюнча Еврокомиссарды кабыл алды

Казакстан Евробиримдик менен ар тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө артыкчылыктуу маани берет. Европа Биримдиги өлкөнүн маанилүү тышкы экономикалык жана инвестициялык өнөктөшү болуп саналат. Бул тууралуу Касым-Жомарт Токаев эл аралык өнөктөштүк боюнча Европа комиссары Йозеф Сикела менен жолугушууда айтты. 

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын президенти: 

- Биз Европа Бирлиги менен болгон мамилебизге жана ийгиликтүү кызматташтыгыбызга чоң маани беребиз. Бул биздин артыкчылыктарыбыздын бири. Биз ошондой эле Казакстан менен Евробиримдик ортосундагы кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташтык тууралуу макулдашууну ийгиликтүү ишке ашырууга чоң маани беребиз. 

Сүйлөшүүлөр транспорттук коридорлорду, логистикалык инфраструктураны, туруктуу энергетиканы жана санариптик чечимдерди өнүктүрүү боюнча иштеп жаткан жана жаңы экономикалык долбоорлорду ишке ашырууну талкуулашты. Ошондой эле, аймактык жана глобалдык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашуу болду. Йозеф Сикела Евробиримдик Борбор Азия аймагына өзгөчө көңүл бурарын баса белгиледи. 

Йозеф Сикела, Эл аралык өнөктөштүк боюнча Европа комиссары: 

- Бул менин эл аралык өнөктөштүк комиссары катары биринчи маанилүү миссиям. Мен Борбор Азиянын бардык беш өлкөсүнө баруу чечимин жөн жерден кабыл алган жокмун. Бул Европа Биримдигинин Казакстан жана региондогу башка мамлекеттер менен тереңирээк жана туруктуу өз ара аракеттенүүнү камсыз кылуу ниетин айкын тастыктайт. 

Которгон: Илгиз Жамалбеков