Байкоңур космодромунан «Жеңиш» ракетасы учурулду. Бул иш-чара Жеңиштин 80 жылдыгына арналган. «Союз МС-27» башкарылган космос кемеси 73-узак мөөнөттүү экспедицияны Эл аралык космос станциясына жеткирди. Анын курамында Роскосмостун космонавттары жана НАСАнын астронавты бар. Алар орбитада 245 күн болот. Экипаж 50 илимий изилдөө жүргүзөт. Белгилей кетсек, бул жолу учурууну көрүү үчүн космодромго 2500 турист чогулду. Бул рекорддук көрсөткүч.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

