Казакстандын Президенти Сауд Арабиянын Мураскор ханзаадасы менен телефон аркылуу сүйлөштү

Казакстандын Президенти Сауд Арабиянын Мураскор ханзаадасы менен телефон аркылуу сүйлөштү

Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев Сауд Арабиянын мураскор ханзаадасы Мухаммед бен Салман Аль Сауд менен телефон аркылуу сүйлөштү. Тараптар Жакынкы Чыгыштагы чыр-чатактын курчушу аймактык, глобалдык коопсуздукка жана стабилдүүлүккө олуттуу коркунуч туудурарын баса белгилешти. Алар жаңжалга катышпаган өлкөлөргө кол салуулар ислам үммөтү бири-бирине болгон сый-урматты жана сабырдуулукту мурдагыдан да көбүрөөк көрсөтүшү керек болгон учурда болуп жатканын өкүнүч менен белгилешти. Касым-Жомарт Токаев ошондой эле Падышалыктын казак жарандарын мекенине эвакуациялоого көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирди.

Которгон: Илгиз Жамалбеков