Сенаттын спикери президент К. Токаевдин саясаты тууралуу макала жарыялады

Сенаттын спикери президент К. Токаевдин саясаты тууралуу макала жарыялады

Казакстан глобалдык турбуленттүүлүк шартында туруктуу жана ишенимдүү мамлекет макамын сактап келет. Президент Касым-Жомарт Токаевдин ойлонулган жана системалуу кадамдарынан улам республика мурдагыдай эле «туруктуулуктун чоң аралы» бойдон калууда. Өлкөнүн душмандары жок, бардыгы менен дос, ошол эле учурда өзүнүн көз карашын жана кызыкчылыктарын сактап, коргойт. Бул тууралуу Сенаттын спикери Маулен Ашымбаев «Время» гезитиндеги «Токаевдин модели» деген негизги компонентке арналган автордук макаласында билдирди. Парламенттин жогорку палатасынын төрагасынын айтымында, анын активдүү позициясы, биринчи кезекте билимге, илимге жана маданиятка негизделген руханий өнүгүү үчилтигин кошууга багытталган. Маданий тенденциялардын башында адилеттүүлүк, мыйзамдуулук жана тартип турат. Ал эми саясат жана экономика 21-кылымдын бардык өлкөлөрүндөй эле мамлекеттик артыкчылыктардын арасында улуттук өзгөчөлүктөн ылдый турат. Жалпысынан макалада белгиленгендей, мамлекеттин саясаты ишеним жана ачыктык принциптерине негизделген. Өлкө бейтараптуулукту сактайт, ар кандай эл аралык өнөктөштөр менен бирдей шартта диалог жүргүзүүгө жөндөмдүү орто держава катары өзүнүн ролун күчөтүп келет. Спикер республикада жашаган бардык элдердин өзгөчөлүгү сакталып калгандыгын атап өттү. Маулен Ашымбаев белгилегендей, президент Токаевдин саясий курсу улуттук эгемендүүлүктү бекемдеп, эл аралык беделди жогорулатып, өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүн камсыздайт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков