Президент Касым-Жомарт Токаев ШКУга мүчө
мамлекеттердин тышкы иштер министрлери менен жолугушуу өткөрдү. Жыйынды ачып
жатып, Мамлекет башчысы Иран элине жана анын жетекчилигине президенти менен
тышкы иштер министринин курман болгондугуна байланыштуу көңүл айтты.
Касым-Жомарт Токаев өз сөзүндө белгилегендей, чет мамлекеттердин тышкы иштер
министрлер кеңешинин жыйыны күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди чечүү боюнча
ШКУнун маанилүү форматтарынын бири болуп саналат. Учурда Казакстан ШКУнун
Астана саммитине даярданууда. Иш-чара «көп тараптуу диалогду бекемдөө –
туруктуу тынчтыкка жана өнүгүүгө умтулуу»деген аталышта өтөт.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан
Республикасынын Президенти:
-Казакстан ШКУнун
«ынтымакты коргоодо адилеттүү тынчтык жана дүйнөлүк биримдик жөнүндө» демилгесин
иштеп чыгууну сунуштады. Бул документти, алдыда боло турган саммиттин жүрүшүндө
ШКУнун Астана декларациясын кабыл алуу, биздин көз карашыбызда, дүйнөнүн ар
кайсы аймактарындагы чыр-чатактарды жөнгө салуу үчүн эл аралык аракеттерди
бириктирүүгө өбөлгө түзөт. ШКУнун мындан ары реформалоо ишине өзгөчө көңүл
буруу зарыл. Бул уюмдун ишин өркүндөтүүгө багытталган конкреттүү чечимдерди
даярдоого мүчө мамлекеттердин активдүү катышуусу маанилүү.
Терроризмге, сепаратизмге жана экстремизмге каршы күрөшүү. Касым-Жомарт
Токаев уюм жаман күчтөр экенин белгилеп, ага дайыма көңүл буруу зарылдыгын
белгиледи. Мындан тышкары, киберкоопсуздук маселеси актуалдуу. Ошондой эле акыркы
жылдары дүйнө өлкөлөрү климаттын өзгөрүшүнөн улам ар кандай кырсыктарга туш
болууда.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан
Республикасынын Президенти:
-Эгерде биз дароо чара көрбөсөк, бул
көйгөй планетабыздагы глобалдык табигый кырсыктарды күчөтүшү мүмкүн.
Экстремалдуу аба ырайы дүйнөдөгү башкы көйгөйлөрдүн бири болуп баратат. Буга
байланыштуу ШКУ табигый кырсыктарга каршы күрөшүү ишиндеги ыкмаларды жаңылоо
зарыл. Ушул жазда биздин өлкө климаттын өзгөрүшүнүн терс таасирин айкын сезди.
Белгилей кетсек,
учурда ШКУга Евразия континентиндеги он мамлекет мүчө болуп саналат. Бул өлкөлөрдө дүйнө калкынын
дээрлик жарымы жашайт. Дүйнөлүк ички дүң өнүмдүн төрттөн бир бөлүгүн
жана дүйнөлүк сооданын 15 пайызын түзөт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков