Алматыда Creative Central Asia эл аралык иш-чарадасында серепчилер креативдүү индустрияны жана импакт-инвестицияларды өнүктүрүү маселелерин талкуулашты. Жыйынга Улуу Британиянын аймактык жана аналитикалык адистери катышты. Алардын айтымында, таасирдүү инвестициялар-бул биринчи кезекте социалдык көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган узак мөөнөттүү инвестициялар. Ал кино, музыка, искусство жана дизайн долбоорлорун өнүктүрүүгө жардам берет. Айта кетсек, Deloitte маалыматы боюнча, 2023-жылы дүйнөдөгү таасирдүү инвестициянын көлөмү 1 миллиард доллардан ашык бааланган. Креативдүү индустрияда 36 ири фонд иштейт.
Настья Гончарова, Креативдүү ишкердикти өнүктүрүү программаларынын ментору:
- Компания инвестиция алгандан кийин, бул каражаттарды өзүнүн туруктуулугун жогорулатууга жумшайт. Бирок анын социалдык миссиясын аткарышы керек. Мисалы, алар аялуу топтор менен иштешет. Колубузда далилдүү база болгон шартта, биз инвесторго, рынокко жана кардарларыбызга бул жөн гана товар менен акчанын ортосундагы транзакция эмес экенин билдире алабыз.
Серепчилердин айтымында, Казакстанда
импакт-инвестициялар эми гана өнүгүп жатат. Буга карабастан, быйылкы жылы
креативдүү индустриянын республиканын экономикасына кошкон салымы 5% жетет,
тармакта иш менен камсыз кылуунун көбөйүшү 4% түзөт, ал эми креативдүү
индустриялардагы чакан жана орто бизнестин саны 1,5 эсе көбөйөт деп күтүлүүдө.
Сауле Мамаева, Социалдык долбоорлорду жана
коммерциялык эмес уюмдарды башкаруу, стратегиялык пландоо жана өнүктүрүү
тармагынын адиси:
- Таасирдүү ишкерлердин жана чыгармачыл тармактардын болушу ар дайым калктын суроо-талаптарына жооп берет. Калк мындай татаал маданий азыктарды керектөөгө даяр. Калк экологиялык маселелерге, маданиятка, мисалы, Алматы шаарынын контекстине катышууга даяр, анткени бул шаар - маданият, тейлөө чөйрөсүндө абдан өнүккөн, жалпысынан чыгармачык жактан абдан өнүккөн шаар. Менин оюмча, чыгармачыл индустриялардан чыккан ишкерлердин ландшафты, шаар өз өндүргөндөрүнүн 40-30% түзөт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

