Казакстандын президенти Саха Республикасынын башчысы
Айсен Николаевди кабыл алды. Касым-Жомарт Токаев соода жүгүртүүнүн олуттуу
өсүшү айкын далили болуп саналган өз ара мамилелердин жакшы динамикасын баса
белгиледи. Республикалар ортосундагы кызматташтыктын келечектүү багыттарынын
арасында - айыл чарбасы, тоо-кен өндүрүшү, санариптик технологиялар жана туризм
бар. Мамлекет башчысы Казакстанда Саха Республикасынын күндөрүнүн өткөрүлүшүн
кубаттады. Анын алкагында маданий жана спорттук иш-чаралар өткөрүлүп, Якутиянын
инвестициялык жана туристтик дарамети тааныштырылат. Аларды Астана жана Алматы
шаарларында өткөрүү мерчемделүүдө. Айсен Николаев казакстандыктарды колдоорун
билдирип, суу ташкынынан улам келип чыккан кыйынчылыктарды тез арада жеңүүнү
каалады.