Казакстандын Президенти «AMANAT» партиясынын мурунку төрагасы Ерлан Кошановго бул кызматтагы ак ниет жана натыйжалуу эмгеги үчүн ыраазычылык билдирди, ошондой эле партиянын бардык мүчөлөрүнө өз алкышын айтты. Бул тууралуу Президенттин кеңешчиси – Басма сөз катчысы Айбек Смадияров билдирди. Эске салсак, жакында өткөн курултайда AMANAT партиясы «Адилет» жаңы партиясына кошулуу боюнча тарыхый чечим кабыл алган. Касым-Жомарт Токаев AMANAT партиясынын Адилеттүү Казакстанды модернизациялоо жана куруу ишине кошкон салымын белгилеп, партия мүчөлөрүнүн «Адилет» партиясынын курамында өлкөнүн жыргалчылыгы үчүн жигердүү жана жемиштүү ишин улантаарына ишенимин билдирди.
Которгон: Илгиз
Жамалбеков

