Мамлекет башчы туризмди өнүктүрүү боюнча кеңешме өткөрдү

Мамлекет башчы Казакстанда туризмди өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарын жарыялады. Акордада Касым-Жомарт Токаевдин төрагалыгы алдында жыйын өттү. Өлкө Президенти белгилегендей, бул тармак инвесторлор үчүн эң жагымдуу тармактардын бири болуп саналат. Анын дүйнөлүк дүң өнүмдөгү үлүшү 10 пайызга жетет. Ошондой эле кызмат көрсөтүүлөрдүн дүйнөлүк экспортунун үчтөн бир бөлүгүн түзөт. Ал эми Казакстанда туризмдин бардык түрүн өнүктүрүү үчүн зарыл болгон нерселердин баары бар. Ыңгайлуу географиялык жайгашуу, жаратылыштын көп түрдүүлүгү, бай тарыхый жана маданий мурастар. Андыктан, бул дараметти пайдалануу керек. Сапаттуу жылыш үчүн системалуу чаралар керек, деп баса белгиледи Касым-Жомарт Токаев.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын президенти:

– Туризм тармагына инвесторлорду тартуу үчүн ачык-айкын жана туруктуу шарттарды түзүү зарыл. Өкмөт облустардын акимдери менен биргеликте курорттук аймактарды өнүктүрүүнүн башкы пландарын санариптештирүү жана аларга ачык жеткиликтүүлүктү камсыздоодон баштоосу керек. Дараметтүү инвесторлор жеткиликтүү жер тилкелери боюнча актуалдуу маалыматты ала алышы керек.

Касым-Жомарт Токаев Казакстанга алдыңкы чет элдик IT адистерин дүйнөнүн бардык булуң-бурчунан “санариптик көчмөндөрдү” тартууга өзгөчө көңүл буруу зарыл деп эсептейт. Өкмөткө тогуздун  айында Digital Nomad Visa жана Digital Nomad Residence атайын программаларын ишке киргизүү тапшырылды. Ошондой эле, мамлекет башчы транспорттук инфраструктура маселелерин чечүү милдетин койду. Мисалы, поезддердин санын көбөйтүү, популярдуу авиа каттамдарда арзан авиакомпаниялардын катышуусун кеңейтүү жана быйылкы жылы жол долбоорлорун аяктоо. 

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:

– Эл аралык изилдөөлөр көрсөткөндөй, саякатчылардын 70% дан ашыгы 4 сааттык учактын ичинде эс алуучу жайларга барууну артык көрүшөт. Башкача айтканда, Казакстан Кытайдан, Индиядан, Чыгыш Азиядан, Жакынкы Чыгыштан келген туристтер үчүн абдан жагымдуу боло алат. Ошол эле учурда чет элдик туристтердин улуттук менталитетине, алардын кызыкчылыктарына жана суроо-талаптарына байланыштуу конкреттүү маселелерди эске алуу менен бардык туристтерге бирдиктүү программа менен мамиле жасабай коюу зарыл. Бул үчүн квалификациялуу кадрлар сапаттуу иш кылууга умтулуусу керек. Негизи 5 жылдын ичинде туристтердин санын эки эсе, атүгүл үч эсеге көбөйтө алабыз.

Быйылкы жыл Казакстандын Кытайдагы туризм жылы деп жарыяланды. Президент өкмөткө чек арага чектеш облустардын акимдери менен биргеликте чек арага жакын жайгашкан конуштарды туристтерди кабыл алууга даярдоону, ошондой эле «Бакты» жана «Көлжат» өткөрүү пункттарын модернизациялоону аяктоо тапшырмасын берди. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын маалыматтык камсыздоого көңүл буруу зарыл – алар туристтерди да тартат, деп белгиледи мамлекет башчы. Эң негизгиси Касым-Жомарт Токаев дүйнөлүк деңгээлде Казакстандын туризминин өзгөчөлүгү боло турган объектилерди атап, бардык көңүлдү аларды өнүктүрүүгө буруу керектигин кошумчалады. Бул Алматы облусунун тоо кластери, Мангыстаудагы пляждык туризм жана Щучинск-Бурабай курорттук аймагы.

Которгон: Илгиз Жамалбеков