Астанада NURIS инновациялык кластеринин 24 стартап долбоору тааныштырылды

«NURIS» инновациялык кластеринин бизнес-инкубация жана акселерация программалары бүтүрүүчүлөрдүн 24 стартабын тааныштырды. Иштеп чыгуулар алгач атайын көргөзмөгө сунушталды. Андан соң мыкты долбоорлордун авторлору атайын калыстар тобунун алдында өздөрүнүн жаңы демилгелеринин өзгөчөлүктөрүн жана мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүштү.  Коомдук маанидеги актуалдуу долбоорлор өлкөнүн венчурдук фонддорунун жана ири компаниялардын өкүлдөрү тарабынан талданып чыкты. Башкача айтканда, дараметтүү инвесторлордун тандоосуна түштү. Бул Demo Day катышуучуларынын негизги максаты - өз идеясын ишке ашыруу үчүн каражат чогултуу жана аны өндүрүшкө киргизүү.

Абзал Дарибаев, NURIS инновациялык өнүгүү боюнча мүдүрү:

– Азырынча бул долбоорлорду өнүктүрүү тууралуу айтууга эрте. Азыр алар ар кандай венчурдук фонддор менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, өнөктөштүк түзүүдө. Инвестиция тарткандан кийин дагы 2-3 жылдын ичинде демилгелери канчалык суроо-талапка ээ болгонун көрөбүз. Кайсы ички же тышкы рынокко чыга алганы белгилүү болот. Көпчүлүгүнүн көздөгөнү чет мамлекеттердин баасын багындыруу. Маселен, үч жыл мурунку бүтүрүүчүлөрүбүздүн айрымдарынын өнүмдөрүн Улуу Британия, Сауд Аравия, Түштүк Корея ж.б. тышкы рыноктордон көрүүгө болот.

Бул программаны ийгиликтүү аяктагандардын бири Камила Кышкашбаева. Жаш ойлоп табуучу дыйкандардын баш оорусуна айланган талаадагы зыянкечтерден арылууга мүмкүндүк бере турган автономдуу робот долбоорун сунуштап жатат. Жасалма интеллектке негизделген уникалдуу инновациялык робот компьютердин көзү менен жабдылган. Анын мүмкүнчүлүктөрүн суроо-талапка жараша дагы да кеңейтүүгө болот.

Камила Кышкашбаева, долбоордун негиздөөчүсү:

– Учурда казакстандык компаниялардын бири менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Эми алар менен тил табышуу максаты турат. Бул пилоттук долбоор болот. Кийин жылдын аягына чейин дагы 5 сатуу боюнча келишим түзүүнү көздөп жатабыз. Ал эми 2025-жылы КМШ рыногуна чыгуу планыбыз бар. Бүгүнкү күндө биздин долбоор үчүн жалпысынан 18 000 доллар көлөмүндө каржы тарттык.

Белгилей кетсек, бизнес-инкубация жана инновациялык кластерди тездетүү программалары ишке ашырыла баштаганына 8 жыл болду.  Бул аралыкта 300гө жакын бизнесмен атайын окуудан өтүштү. Алардын стартаптары жалпысынан үч миллиард теңгеден ашык инвестиция тарткан.

Которгон: Илгиз Жамалбеков