Астанада бир катар ири эл аралык иш-чаралар өтөт

Астанада бир катар ири эл аралык иш-чаралар өтөт

Казакстанда кийинки жума ири саясий окуяларга бай болот. Президент Касым-Жомарт Токаевдин катышуусунун алдыдагы иш-чаралардын планын Акорданын басма сөз кызматы жарыялады. Мамлекет башчысынын чакыруусу менен чын куран айынын 20-23 чейин Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух мамлекеттик сапар менен келет. Жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө эки өлкөнүн саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыгын чыңдоо келечектери талкууланат. Ал эми чын куран айынын 22-24 чейин Астана 2026-жылдагы Региондук экологиялык саммитти кабыл алат. БУУнун колдоосу астында түзүлгөн жаңы диалог аянты Борбор Азиянын туруктуу өнүгүүсүнүн жалпы көз карашын түзүүгө, ошондой эле климаттык жана экологиялык көйгөйлөрдү чечүү боюнча биргелешкен чечимдерди иштеп чыгууга багытталган. Иш-чарага бир катар өлкөлөрдүн мамлекет жана өкмөт башчылары, эл аралык уюмдардын жетекчилери катышат. Ошондой эле Акорданын басма сөз кызматынын билдирүүсүнө ылайык, чын куран айынын 22де Президент Касым-Жомарт Токаевдин төрагалыгы алдында Аралды сактоо боюнча эл аралык фонддун уюштуруучу мамлекеттеринин башчыларынын кеңешинин жыйыны өтөт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков