Касым-Жомарт Токаев бир катар мамлекеттердин элчилеринен ишеним грамоталарын кабыл алды

Касым-Жомарт Токаев бир катар мамлекеттердин элчилеринен ишеним грамоталарын кабыл алды

Казакстан – бардык мамлекеттер менен достук мамиле түзгөн тынчтыкчыл өлкө. Бул тууралуу Мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаев Акордада 6 өлкөнүн элчилеринин ишеним грамоталарын тапшыруу аземинде белгиледи. Алар Израилдин, Кыргыз Республикасынын, Кубанын, Ливандын, Зимбабвенин жана Сомали Федеративдик Республикасынын атайын жана ыйгарым укуктуу элчилери. Мамлекет башчысы ошондой эле Казакстандын ички саясатындагы демилгелер жөнүндө айтып берди. Ал бул иштер адилеттүү Казакстанды түзүүгө, «Мыйзамдуулук жана тартип» принцибине негизделгенин айтты. Президент элчилерди өлкөдөгү дипломатиялык миссияларынын расмий башталышы менен куттуктап, казак тарап алардын ишмердүүлүгүнө ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирди. 

Которгон: Илгиз Жамалбеков