Касым-Жомарт
Токаев бүгүн ички иштер министрин кабыл алды. Ержан Саденов мамлекет башчыга өлкөдөгү кылмыштуу
кырдаал тууралуу маалымат берди. Алсак, Казакстанда жыл башынан бери
кылмыштуулук азайып, бардык категориялар боюнча иштерди ачуу деңгээли
жакшырууда. Президент уюшкан, кибер жана наркокылмыштуулукка каршы күрөшүү, жол
коопсуздугун камсыздоо жана кадрдык потенциалды өркүндөтүү боюнча тапшырмаларды
аткаруунун жүрүшү менен таанышты. Жолугушуунун жыйынтыгында Касым-Жомарт Токаев
өлкөдөгү укук тартибин мындан ары жогорулатуу боюнча бир катар тапшырмаларды
берди.
Которгон: Назира Бегалиева