5 жылдын ичинде айыл чарба
тармагын өнүктүрүүнүн жаңы деңгээлине чыгаруу, анын ичинде дүң өнүм секорун 2
эсеге көбөйтүү, мамлекеттик колдоо системасын өркүндөтүү, айдоо аянттарын ар
тараптандыруу жана илимди өнүктүрүү. Бул үчүн тармакта структуралык жана
институционалдык реформаларды жүргүзүү. Мындай тапшырманы бүгүн Касым-Жомарт
Токаев айыл чарба министрине жүктөдү. Айдарбек Сапаров Казакстандын
президентине айыл чарба тармагынын 10 айдагы көрсөткүчтөрү тууралуу маалымат
берди.
Айдарбек Сапаров, айыл чарба
министри:
-Мен президентке түшүм жыйноо
өнөктүгүнүн жыйынтыгын, быйыл дыйкандар кандай кыйынчылыктарга туш болгонун,
кандай оор шарттарда иштегенин, Өкмөт тарабынан көрүлүп жаткан колдоо чаралары
тууралуу айтып бердим. Буга кошумча айыл чарбасын өнүктүрүүнүн пландары,
Агроөнөр жай комплексин 2030-жылга чейин өнүктүрүү концепциясында белгиленген
милдеттердин аткарылышы тууралуу баяндадым. Мамлекет башчысы министрликтин
алдына конкреттүү милдеттерди койду. Биз президенттин тапшырмасын аткаруу үчүн
иш алып барабыз.
Которгон: Илгиз Жамалбеков